ЖРТ Оңой

Колдонуучу келишими жана купуялуулук саясаты

ЖРТ Оңой тиркемесине кош келиңиз! Бул колдонмону колдонуу менен сиз төмөнкү шарттарга макул болосуз.

1. Жалпы жоболор

  • Бул тиркеме окуучуларга билим алуу жана тестке даярдануу үчүн арналган.

  • Тиркемени колдонуу аркылуу сиз колдонуу эрежелерин жана купуялуулук саясатын кабыл алган болуп эсептелесиз.

2. Колдонуу шарттары

  • Колдонуучулар тиркемени жеке билим алуу максатында гана пайдалана алышат.

  • Тиркеменин айрым бөлүктөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө жетүү үчүн катталуу талап кылынышы мүмкүн.

  • Катталуу мөөнөтү 1 жылды түзөт жана адатта ар бир жылдын май айынын аягына чейин иштейт.

  • Колдонуучу катталууну узартууну кааласа, белгиленген тартипте катталуусун жаңырта алат.

  • Тиркемени мыйзамсыз максатта колдонууга тыюу салынат.

3. Маалыматтарды чогултуу жана пайдалануу

  • Колдонуучулар тууралуу негизги маалымат (аты-жөнү, байланыш маалыматы ж.б.) катталуу учурунда суралышы мүмкүн.

  • Жеке маалыматтар үчүнчү жактарга берилбейт жана купуя сакталат.

  • Маалыматтар билим берүү кызматын көрсөтүү, колдонуучу тажрыйбасын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн гана колдонулат.

4. Колдонуучунун жоопкерчилиги

  • Кирүү маалыматын (логин, сырсөз) сактоо колдонуучунун жеке жоопкерчилигинде.

  • Эгерде колдонуучу сыр сөзүн унутуп калса же жоготуп койсо, тиркеменин администрациясы жоопкерчилик албайт жана доо-арыздар кабыл алынбайт.

  • Үчүнчү жактарга аккаунтуңузду берүү сунушталбайт.

  • Тиркемени туура эмес колдонгон учурда колдонуучунун аккаунту чектелиши же өчүрүлүшү мүмкүн.

5. Тиркеменин мүмкүнчүлүктөрү

  • Тиркеме тест тапшырмалары, теориялык материалдар жана машыгуу үчүн бөлүмдөрдү камтыйт.

  • Айрым функциялар белгиленген мөөнөткө чейин гана жеткиликтүү болушу мүмкүн.

  • Жаңыртуулар жана кошумча мүмкүнчүлүктөр тиркеменин администрациясы тарабынан өзгөртүлүп турушу мүмкүн.

6. Купуялуулук жана коопсуздук

  • Биз колдонуучулардын маалыматтарын үчүнчү жактарга сатпайбыз, ижарага бербейбиз жана уруксатсыз жайылтпайбыз.

  • Маалыматтар коопсуз серверлерде сакталат.

7. Өзгөртүүлөр

  • Бул келишим жана саясат мезгил-мезгили менен жаңыртылышы мүмкүн.

  • Өзгөртүүлөр тиркемеге жайгаштырылгандан кийин дароо күчүнө кирет.

8. Байланыш

Эгер суроолоруңуз болсо, тиркеменин ичинде көрсөтүлгөн байланыш даректери аркылуу биз менен байланыша аласыз.


Популярные сообщения из этого блога

Кроссворд Кыргызча

Макалды тап